Операциялык бөлүмдүн начальниги
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 3 аяк оона 2024
Кызматы:
Операциялык бөлүмдүн начальниги
Квалификациалык талаптар:
- Жогорку экономикалык билими тууралуу дипломунун болуусу;
- Адистиги боюнки кеминде эки жылдык эмгек стажынын болуусу;
- Жетекчилик кызматта кеминде бир жылдык эмгек тажрыйбасынын болуусу;
- Кардарларды тейлөө тажрыйбасынын болуусу жана кардарларды тейлөө стандарттарын билүүсү;
- Экономика жана маалыматтык технологиялар тармагында билиминин болуусу;
- Бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планын жана Бөлүмдүн ишкекрдиги чөйрөсүндө турган негизги эсептерди билүүсү;
- Уюштуруучулук жана башкаруу, аналитикалык жана коммуникативдик жөндөмдөргө ээ болуусу, милдеттерди так аныктай алуусу жана артыкчылыктарды аныктап, өз убагында чечимдерди кабыл алуу жигеринин болуусу.
Негизги милдеттери:
- Бөлүмдүн ишин уюштуруу жана анын ишкердигин башкаруу.
- Бөлүмдүн жумушчуларынын кесиптик билимин аныктоо жана баалоо, Бөлүмдүн жумушчуларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, окутуу жана кайра даярдоодо муктаждыктарын аныктоо
-
Банктын филиалынын кардарларын сапаттуу операциялык тейлөөгө алынуусун камсыз кылуу.
- Банктын филиалынын кардарларына өз убагында кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн Бөлүмдүн жумушчуларынын милдеттерин жана иш алып баруу тартиптерин бөлүштүрүү.
-
Кросс-сатуулар боюнча Операциялык бөлүмдүн жумушчулары үчүн окутууларды өткөрүү.
-
Банктын филиалынын Директору тарабынан белгилеген мерчемге ылайык, Бөлүмдүн ар бир жумушчусу үчүн кросс-сатуу боюнча жеке мерчемдерди белгилейт
- Бөлүмдүн жумушчулары тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан операцияларда белгиленген эрежелердин жана бекитилген жол-жоболордун сакталышына, ошондой эле төлөм документтердин туура таризделишине контролдук кылуу.
- Филиалдын операциялык ишкердигине тиешелүү кассалык документтерге контролдук кылуу жана аларга кол коюу.
-
Филиалдар аралык, Филиалдын ички жана тышкы төлөмдөрүн өткөрүүгө контролдук.
-
Карадаларга эсеп ачуу жана юридикалык делолорун түптөөгө контролдук, эсеп ачууда консультацияларды берүү;
- Накталай акча алууга Кардарлардан билдирмелерди топтоону жүзөгө ашыруу;
- Эсептешүү эсебин ачпастан жеке адамдардын акча которуулары боюнча операцияларын контролдоо.
- Кардарлардын билдирмелери боюнча конверсиялык операциялардын жүргүзүлүшүн контролдойт
- Эсептердин орун алышы жана эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жөнүндө маалымкаттардын берилишин контролдойт.
- Бөлүмдүн жумушчулары тарабынан Банктын тарифтеринин сакталышына, өткөрүлүп жаткан операциялар боюнча комиссиянын туура жана өз убагында кармалып калуусуна контролдукту жүзөгө ашырат.
Сүрөт жана позицияны көрсөтүү менен резюмени hrm@keremetbank.kg
*Ылайыгы келген талапкерди маектешүүгө чакыруу укугун Банк өзүндө калтырат.