Насыяны коштоп жүрүү секторунун адиси
Аймак:: Жалал-Абад облусу
Жарык көргөн күнү: 14 баш оона 2024
Кызматы:
Насыяны коштоп жүрүү секторунун адиси (насыя боюнча администратор Жалал-Абад ш.)
Квалификациялык талаптар:
- жогорку экономикалык билимге ээ болуу;
- банк чөйрөсүндөгү иш стажы артыкчылык болуп саналат;
- компьютердик техника менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
- ишкер кат жазышууну жана ишкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча иш көндүмдөрүнө ээ болуу.
Талапкер билүүгө тийиш:
- КРнын мыйзамдарын, КР Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларын жана Банктын ИЧДрин;
- эмгекти коргоонун эрежелери менен ченемдерин, коопсуздук жана өрткө каршы коргонуу техникасын;
- ишкер баарлашуунун этикасын, иштиктүү байланыштарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартибин.
Негизги милдеттери:
- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда камсыздоо келишимдерин каттатуу;
- Кардар жана насыя келишими боюнча маалыматтарды «ФТБ-Банк» АБТга киргизүү;
- Филиалдын насыя портфели боюнча отчеттуулукту түзүү;
- Насыя берүүнүн жана насыяларды берүүнү уюштуруунун алдында түзүлгөн документтер топтомунун толуктугун, шайкештигин жана иштөө мөөнөтүн текшерүү;
- Насыяларды тариздөө жана күрөөлүк камсыздоону ыйгарым укуктуу органдарда каттатуу үчүн бардык документтерди чогултуу;
- Карыз алуучулардын насыя келишимдерин/алкактык макулдашууларын каттоо журналын жүргүзүү;
- Банк кепилдиктери боюнча иштөө.
Фотосүрөтү бар жана позициясы көрсөтүлгөн резюмени hrm@keremetbank.kg электрондук почтасына жөнөтүңүздөр
*Банк, көбүрөөк ылайыктуу талапкерлерди аӊгемелешүүгө чакыруу укугун өзүнө калтырат