Мектепке чейинки билим берүүнү өркүндөтүү үчүн жеңилдетилген мүнөздөгү насыялар

Мектепке чейинки билим берүүнү өркүндөтүү үчүн жеңилдетилген мүнөздөгү насыялар

Долбоордун максаты Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тармагын кеңейтүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүүгө кеңири тартуу
Насыяны кимдер ала алышат? 

20 жаштан 70 жашка чейинки ишкерлик субъектилери/жеке адамдар (насыяны толук жабуу учуруна карата):

  • мектепке чейинки билим берүү тармагында кеминде 6 ай бою (үзгүлтүксүз) ишкерлик ишин жүзөгө ашырып жаткандар:
  • кеминде 6 ай бою (үзгүлтүксүз) үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан экономиканын башка тармактарында туруктуу бизнеси бар жана мектепке чейинки билим берүү тармагында (бала бакчаларда) ишкерликтин жаңы багытын ачуу максаты менен насыя алуу үчүн кайрылгандар;
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Долбоорго катышууга уруксат алгандар.
Насыянын максаты
  • мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жаңы имараттардын курулушу;
  • буга чейин курулган имараттарга капиталдык оңдоо/реконструкция иштерин өткөрүү;
  • негизги каражаттарды сатып алуу
Насыялоо валютасы Кыргыз сому
Пайыздык чен  Жылдык чени - 10 %*
Насыянын суммасы жана мөөнөтү
  • 70,0 млн. сом өлчөмүндөгү суммага мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин курулушу (мөөнөтү – 60 ай); 
  • 50,0 млн. сом өлчөмүндөгү суммага капиталдык оңдоо/реконструкциялоо иштерин өткөрүү (мөөнөтү – 60 ай);
  • 10,0 млн. сом өлчөмүндөгү суммага негизги каражаттарды сатып алуу жана жаңылоо (мөөнөтү – 36 ай).
Жеке катышуу Ишкерлик субъектилери/жеке адамдар каржылануучу долбоордун сметалык наркынын кеминде 30% өлчөмүн камсыздоосу зарыл
Камсыздоо  Банктын Күрөөлүк саясатынын талаптарына ылайык 

*Эффективдүү пайыздык чен – 10,0%дан тартып  


close