Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКнын башкармалыгына жаңы төрайым дайындалды

17 аяк оона 2024

«Керемет Банк» ААКнын башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду:

Куржей Татьяна Евгеньевна «Керемет Банк» ААКнын башкармалыгынын Төрайымы болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Бербаев Тимур Өмүрбекович өз каалоосу менен берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан кеткен.

Татьяна Евгеньевнанын банк тармагында чоң тажрыйбасы бар, ал өзүнүн эмгек жолун 1993-жылы жөнөкөй адистен баштап Казакстандагы «Евразия Банкы» АКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басарына чейин жеткен.


close