Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКнун карыз алуучулары үчүн маанилүү маалымат

23 жалган куран 2020

«Керемет Банктын» филиалдары жана сактык кассалары кардарларды тейлөөнү улантышат, бирок, коопсуздук чараларын көздөп, сатуу чекиттеринин жумуш графиги саат 15:00гө чейин кыскартылды. Коопсуздук максаттарында «Керемет Банктын» кызматчыларынын бир бөлүгү аралыктан иштөө шарттамына өттү, бирок банк негизги банктык кызматтарды, анын ичинде насыяларды төлөп кутулуу боюнча, көрсөтүүсүн улантат. Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү банк тарабынан насыяларды жарым-жартылай же мөөнөтүнөн мурда төлөп кутулуу үчүн бардык комиссияларды жокко чыгаруу чечими кабыл алынганына бурабыз.

«Керемет Банк» карыз алуучуларга түшүнүү менен мамиле кылат жана Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга каршы күрөш боюнча киргизилген чектөө чараларынан улам каржылык оорчулуктарды баштан кечирип жатышкан өз кардарларына колдоо көрсөтүүгө даяр. Насыяны төлөп кутулуу шарттарын кайра кароо үчүн карыз алуучуга насыя келишиминин шарттарын өзгөртүү жөнүндө жекече арыз жазуу зарыл, аны «Керемет Банктын» сатуу кеӊселеринде да, аралыктан да – банктын байланыш-борбору аркылуу кабыл алышат. Чечимди кабыл алууда банк кырдаалдын карыз алуучулардын каржылык абалына таасирин майда-чүйдөсүнө чейин иликтейт да, таасирдин даражасына жараша насыяны төлөп кутулуу боюнча каржылык жүктү жеӊилдетүү жөнүндө чечимди жекече иретте кабыл алат.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал шарттамы киргизилгенине байланыштуу, банк өзүнүн бардык кардарларына кеӊселерге келүүнү азайтууну жана насыяларды төмөнкүлөрдү колдонуп, 24/7 шарттарында аралыктан төлөп кутулууну сунуш кылат:

  • интернет-банкингди;
  • мобилдик банкингди;
  • төлөм терминалдарын;
  • накталай cash-in салуу кызматы бар көп кызматтуу банкоматтарды.

Байланыш-борбору «Керемет Банкта» шарттарында тейлөөнүн бардык маселелери боюнча кардарларга кеӊеш берүүсүн улантат.

__________________________________________________

  • Байланыш-борборунун номери – (0312) 55 44 44
  • E-mail: call-center@keremetbank.kg
  • Сайттагы кайтарым байланыштын калыбы https://keremetbank.kg/
  • Интернет-банкинг – https://my.rib.kg/login.html
  • «Керемет Банктын» мобилдик тиркемесин App Storeден жана Play Marketтен сууруп алууга болот.

close