Жаңылыктар

«Керемет Банк» Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө карата иш-чара өткөрдү

13 жетинин айы 2023

«Керемет Банк» ААК Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө карата иш-чараларды өткөрүп, өздүк сайтына жана социалдык тармактарга бир катар макалаларды жарыялады. Бишкек, Каракол жана Ош шаарларындагы филиалдар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте экскурсияларды, семинар-тренингдерди өткөрүп, финансылык жарманкеге катышты.

Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрь күнү «Керемет Банк» – «Ош» ААК филиалынын катышуусунда Ош технологиялык университетинде (ОшТУ) банктык өндүрүмдөр жана кызматтар аттуу жарманке болуп өткөн. Иш-чара студенттердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн аталган жогорку окуу жайынын Экономика жана финансы кафедрасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө карата уюштурулуп, ага КР Улуттук банкынын Ош облустук башкармалыгынын, мамлекеттик жана жеке финансы-кредиттик мекемелердин өкүлдөрү катышкан.

«Керемет Банк» – «Каракол» ААК филиалынын Операциялык бөлүмүнүн начальниги Мирлан Болукбаев 26-октябрь күнү КРУБдун Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Каракол педагогикалык колледжинин студенттери үчүн семинар-тренинг өткөргөн, анын жүрүшүндө М. Болукбаев банктык аманаттар жөнүндө сөз кылып, билим берүүчү мүнөздөгү иш-чаранын катышуучуларынын суроолоруна жооп берген.

27-октябрь күнү «Керемет Банк»  менен КРУБ биргелешип студенттер үчүн «Керемет Банк» – «Бишкек» ААК филиалына экскурсия уюштурушкан. Экскурсияга Токмок шаарында жайгашкан Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин 40 жакын студенти катышып, филиалдын директору Нурбек Кадырбердиев менен жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жооп алып,  банк иши жана Банктын иш мүнөзү менен кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

2023-жылдын 23-октябрынан тартып биз өздүк сайтыбызга төмөнкүдөй агартуучулук-билим берүүчүлүк мүнөздөгү макаларды жарыялап турдук:

Ошондой эле биздин Instagram жана Facebook баракчаларыбызга ар кыл мүнөздөгү пайдалуу постторду жана оюндарды жарыялап турдук.

Эске сала кетсек,  ар жылы 31-октябрь күнү дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү (World savings day) белгиленет.

close