Карта менен Интернетте акы төлөө

Карта менен Интернетте акы төлөө

САТЫП АЛУУЛАРГА КООПСУЗ АКЫ ТӨЛӨГҮЛӨ!

"Керемет Банк" ААК Интернет тармагында сатып алуулардын акысын коопсуз төлөө үчүн 3D Secure технологиясын киргизген, ошентип, Visa төлөм картасын кармоочулар товарлар менен кызматтардын акысын Интернет аркылуу жогорку деңгээлде корголгон шартта төлөй алышат.

3D Secure технологиясына бардык Visa Classic, Visa Gold, Visa Infinite карталарын кармоочулар өзүнөн өзү кошулган 3D-Secure технологиясын колдоочу сайттарда операция жүргүзүүдө картаны кармоочу ар бир транзакцияны кайталангыс пароль менен ырасташы керек. Ал пароль CМС-билдирүү түрүндө картаны кармоочунун банкта катталган телефон номерине жөнөтүлөт.

Сатып алууда 3D Secure технологиясы колдонулуп жатканын көрсөтүүчү белги болуп интернет-дүкөндүн сайтындагы Verified by Visa логотиби эсептелет.

Интернет аркылуу операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук чаралары

  • Картаңыз менен Интернет аркылуу акы төлөө мүмкүнчүлүгү Сиз Банкта өзүнчө жазган арызыңыз боюнча киргизилет. Эгер картаны Интернетте пайдаланууну пландабасаңыз, анда бул кызматты иштетпөөнү кеңеш кылабыз. Мүмкүн болушунча картаңызды Интернетте колдонбоңуз. 
  • Интернетте акы төлөөдө ПИН-кодду киргизүү талап кылынбайт! ПИН-код терминалдарда операция жүргүзүүдө гана жана атайын жабдык – ПИН пад – клавиатуранын жардамы менен терилет. 
  • Эч качан өз картаңыздын толук номерин, күчкө ээ мөөнөтүн, ошондой эл CVV (картанын арткы бетинде кол коюлчу жердеги акыркы үч сан) бирөөнө билдирбеңиз. 
  • Эгер Сиз карта боюнча маалымат түзүлгөн профилге байланыштырылган интернет-дүкөндөрдү пайдалансаңыз жана экинчи жолу төлөөдө маалыматтарды киргизүү талап кылынбаса, төлөм жүргүзгөндөн кийин өз профилиңизден сөзсүз чыгыңыз жана өз ID жана паролуңузду эч кимге билдирбеңиз. 
  • Банк алдамчы сайттарда жасалган транзакциялар үчүн жооп бербейт.  Интернет-мейкиндигиндеги алдамчылыктын деңгээли эч токтоосуз өсүүдө. Андыктан картаны Интернетте пайдаланууда баардык коопсуздук чараларын көрүүнү кеңеш кылабыз.

МААНИЛҮҮ!!!

Сайттарда операция жүргүзүү үчүн банктын каалаган филиалына барып, Интернет-сатып алуулар кызматын, о.э. уюлдук телефонуңузга ырастоо кодун (пароль) алууга мүмкүнчүлүгүңүз болушу үчүн СМС-билдирүү кызматын иштетүү керек.

О.э. уюлдук телефонуңуздун номери өзгөргөндүгү тууралуу Банктын каалаган бөлүмүнө жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, токтоосуз билдириңиз.

close