Картаны пайдалануу эрежелери

Картаны пайдалануу эрежелери

БАНКТЫК КАРТАҢЫЗГА ЭТИЯТ ЖАНА ТЫКАН БОЛУҢУЗ!

Биз Сизге банктык картаңызга өз мүлкүңүз менен накталай акчаңызга жасагандай мамиле кылууну кеңештейбиз. Эгер коопсуздук чараларын, ошондой эле «Керемет Банк» ААКнун банктык төлөм карталарын алуу жана пайдалануу Эрежелерин сактасаңыз, карта боюнча алдамчылыкты мүмкүн болушунча төмөндөтө аласыз.

 БАШКЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ

  • Банктык төлөм карталарын алуу жана пайдалануу Эрежелери менен сөзсүз түрдө КУНТ КОЮП таанышып чыгыңыз. Эгер кайсы бир пункттары Сизге түшүнүксүз болсо, Банктын кызматкери менен байланышып, өзүңүздү кызыктырган суроолорду бериңиз.
  • Картаны алууда анын арт жагындагы кол коюула турган атайын тилкеге өз колуңузду коюуңуз.
  • Эч качан ПИН-кодду картага жазбаңыз! ПИН-кодду эске тутуп калып, андан соң ПИН-конвертти жок кылып салуу керек. Эгер Сиз баары бир ПИН-кодду жазып алууну чечсеңиз, муну жашырылган түрдө жасоону кеңеш кылабыз. ПИН-кодду эч качан карта менен бирге алып жүрбөңүз!
  • Сиз өз ПИН-кодуңузду эч кимге – Банктын кызматкерлерине да, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө да, соода түйүндөрүнүн кассачыларына да билдирбешиңиз керек. Өз ПИН-кодун картаны кармоочу гана билиши керек!
  • Эч качан өз картаңызды үчүнчү тарапка, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө, айрыкча алар чет өлкөгө кетип жатса, бербешиңиз керек. Эгер банкомат кайсы бир себеп менен картаны сиз ишенип берген адамдан алып койсо, картаны кайтарып алууда Сизде кыйынчылык пайда болушу мүмкүн.
  • Эгер өз үй-бүлө мүчөлөрүңүз үчүн кошумча карта чыгарткан болсоңуз, ал карталар боюнча жасалган бардык операциялар үчүн Сиз толук жооп бере турганыңыз эсиңизде болсун.
  • Карта жоголуп же уурдалган учурда аны бөгөттөө үчүн токтоосуз Банкка кайрылыңыз. Картаны бөгөттөөдө Сиз анкетада көрсөткөн сыр сөздү аташыңыз керек. Өтүнүч, сыр сөздү ПИН-код менен алмаштырбаңыз!
  • Картаны төмөндө көрсөтүлгөн, алдамчылык деңгээли жогору өлкөлөрдүн бирине барып колдонгон учурда, ал жактан кайтып келгенден кийин жаңы номери жана жаңы ПИН-коду менен картаны кайра чыгартып алууну кеңеш кылабыз. Өлкөлөр - Бразилия, Тайланд, Гонконг, Тайвань, Индонезия, Украина, Малайзия, Португалия, Мексика, Испания, Нигерия, Корея, Сингапур, Улуу Британия.
  • Өз картаңыз боюнча көчүрмөлөрдү үзгүлтүксүз, айына бир жолудан кем эмес текшерип туруңуз. Банк төлөм тутумдары тарабынан орнотулган мөөнөттөрдө Сиздин транзакциялар боюнча доомат коё алат, андыктан өз картаңыз боюнча күмөндүү транзакцияларды канчалык тез тапсаңыз, ал транзакциянын жалгандыгын күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук көп болот.
  • СМС-кызматын туташтырууну кеңеш кылабыз. Эгер кимдир бирөө Сиздин карта менен пайдаланса, транзакция жөнүндө билдирүү аласыз да, картаны өз убагында бөгөттөй аласыз.
  • Картаны чыгарууда Банк картанын түрүнө жараша өзү эле чектөөлөрдү коёт. Эгер Сиз чоң суммадагы чыгымды пландап жатсаңыз, чектөөнү жогорулатып, бирок аны такыр алып таштабоону кеңеш кылабыз Транзакциялар боюнча чектөөлөр — бул Сиздин акчаны коопсуздатуунун кошумча каражаты.
  • Эгер кимдир бирөө Сиздин картанын реквизиттерин билип калды деп шектенсеңиз, жаңы карта алуу үчүн Банкка токтоосуз кайрылууну кеңеш кылабыз.
  • Өз картаңыздын реквизиттерин (картанын толук номерин, күчкө ээ мөөнөтүн, ПИН-кодун, CVV – картанын арт жагындагы кол коюлчу тилкедеги акыркы үч номерди) эч качан электрондук дарек аркылуу жөнөтпөңүз. Сиздин картаны Интернет аркылуу соода кылууга, же дубликатын жасатып алып банкоматтардан акча алуулары мүмкүн.

Операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук чаралары

  • Картаны банкоматта пайдаланардан мурун банкомат Сизге керектүү төлөм тутумунун картасын тейлей тургандыгына ынаныңыз. Банкоматтарда бул жөнүндө маалымат жазылган чапталма болушу керек. 
  • Банктын тарифтерин сөзсүз түрдө иликтеңиз! Башка банктардын банкоматтарынан акча алгандык үчүн комиссия жогору болот.
  • Банкоматтын жанында же анын өзүндө кандайдыр бир бөтөн жабдык тапсаңыз, бул жөнүндө Банкка билдирип жана башка банкоматты пайдаланыңыз.
  • Мүмкүн болушунча мурдатан бир нече жолу пайдаланган банкоматты колдонууга аракет кылыңыз. Жакшы жарык түшкөн жана ыңгайлуу жерлердеги банкоматты тандаңыз.
  • Банкоматка Сиздин артыңыздан кезекте турган адамдар Сиздин ПИН-кодду көрө албастыгына ынаныңыз.
  • Акча алууда башка нерсеге алагды болбоңуз! Банкоматты күтүү убактысы 15 секунда, андан соң банкомат акчаны кайра тартып алат. Операцияны аяктар замат акчаны, картаны жана чекти дароо алыңыз.
  • Банкоматтын жанында бейтааныш адамдардын сунуштаган жардамын эч качан пайдаланбаңыз. Банкоматты пайдаланып жатканда эч кимге өзүңүздү алагды кылууга жол бербеңиз!

Соода-тейлөө түйүндөрүндө соода жүргүзүүдөгү коопсуздук чаралары

  • Карта менен жасалган бардык операциялар Сиздин көзүңүзчө жүрүшү керек. Картаңызды башка жайга алып кетүүгө уруксат бербеңиз.
  • Чекке кол коёрдон мурун, бардык маалымат туура көрсөтүлгөнүнө ынаныңыз. Эгер чекте так эместикти тапсаңыз, ага кол койбоңуз жана жасалган операцияны жокко чыгарууну өтүнүңүз. Операция жокко чыгарылгандыгы жөнүндө чекти сураңыз. Эгер сатып алуудан баш тартсаңыз, же эгер чекти басып чыгарууда жабдык ката кетирген болсо, бузулган чекти Сиздин көзүңүзчө жок кылууну өтүнүңүз. Экинчи көчүрмөсүн өзүңүз алып кетип бир ай сактаңыз, карталык эсеп боюнча көчүрмөгө салыштырыңыз.
  • Ишеничтүү гана соода ишканаларында картаңызды төлөөгө бериңиз. Төмөнкү соода-тейлөө түйүндөрүндө карта менен төлөм жүргүзүүдө сак болуңуз: көңүл ачуу борборлорунда, зергер салондорунда, туристтик агенттиктерде, интернет-кызматтарын төлөөдө.

Интернет аркылуу операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук чаралары

  • Картаңыз менен Интернет аркылуу акы төлөө мүмкүнчүлүгү Сиз Банкта өзүнчө жазган арызыңыз боюнча киргизилет. Эгер картаны Интернетте пайдаланууну пландабасаңыз, анда бул кызматты иштетпөөнү кеңеш кылабыз. Мүмкүн болушунча картаңызды Интернетте колдонбоңуз. 
  • Интернетте акы төлөөдө ПИН-кодду киргизүү талап кылынбайт! ПИН-код терминалдарда операция жүргүзүүдө гана жана атайын жабдык – ПИН пад – клавиатуранын жардамы менен терилет. 
  • Эч качан өз картаңыздын толук номерин, күчкө ээ мөөнөтүн, ошондой эл CVV (картанын арткы бетинде кол коюлчу жердеги акыркы үч сан) бирөөнө билдирбеңиз. 
  • Эгер Сиздин карта боюнча маалымат түзүлгөн профилге байланыштырылган интернет-дүкөндөрдү пайдалансаңыз жана экинчи жолу төлөөдө маалыматтарды киргизүү талап кылынбаса, төлөм жүргүзгөндөн кийин өз профилиңизден сөзсүз чыгыңыз жана өз ID жана паролуңузду эч кимге билдирбеңиз. 
  • Банк алдамчы сайттарда жасалган транзакциялар үчүн жооп бербейт.  Интернет-мейкиндигиндеги алдамчылыктын деңгээли эч токтоосуз өсүүдө. Андыктан картаны Интернетте пайдаланууда бардык коопсуздук чараларын көрүүнү кеңеш кылабыз.

 Шашылыш жагдайларда кайда кайрылуу керек?

Эгер алдамчылардын курмандыгы болсоңуз же кимдир бирөө картаңыздын маалыматтары менен пайдаланышы мүмкүн деп шектенсеңиз, төмөнкү телефондору боюнча токтоосуз билдирүүнү өтүнөбүз:

  • Байланыш борбору: + 996 312 554444 (24/7 тартибинде);
  • Банк тейлөөлөрүнүн башкармалыгы: + 996 312 313055 (дүйшөмбү – жума, 9:00 –18:00).

 Керемет БанкААКнун  төлөм карталарын алуу жана пайдалануу Эрежелери ***

**«Керемет Банк» ААКунда Банктык төлөм карталарын алуу жана пайдалануу эрежелеринин жаңы редакциясы иштеп жаткан кардарлар үчүн – 2019-жылдын 1-ноябрынан баштап, жаңы кардарлар үчүн – негизги келишимге кол коюлган учурдан тартып күчүнө киришет.

close