«Мөөнөттүү – пайыздарын дароо» аманаты

«Мөөнөттүү – пайыздарын дароо» аманаты

«Мөөнөттүүпайыздарын дароо» аманаты жеке адамдар үчүн мөөнөттүү пайыздык аманатты ачууну камтыйт.

Аманттын негизги шарттары:

  • Аманаттын минималдуу суммасы  - 10 000 KGS;
  • Пайыздарын төлөө - мөөнөттүн башында, аманат салынган күнү;
  • Толуктоо мүмүкүнчүлүгү -  каралган эмес;
  • Жарым-жартылай алуу – каралган эмес;
  • Аманат мөөнөтүнөн мурда талап кылынганда:

- алгачкы 12 (он эки) ай аяктаганга чейин – аманат боюнча пайыздар аманат суммасын кайтарып берүү учурунда Банкта колдонулуп турган “талап кылуу боюнча”** аманат ченинде кайрадан эсепителип чыгат. Мындан мурда ашыкча төлөнүп берилген пайыздар суммасы аманаттын негизги суммасынан кармалып калуусу керек;

- алгачкы 12 айдан кийин аманат жокко чыгарылганда, аманат боюнча пайыздар, аманаттын иш жүзүндөгү мөөнөтүнө жараша келишим түзүлгөн күнгө карата колдонууда турган Банктын Трифине ылайык ченде кайрадан эсептелип чыгат. Мындан, мөөнөттүү аманат боюнча мурда төлөнүп берилген пайыздар негизги суммадан эсептелип алынып калуусу керек. 

Пайыздык чендер ***:

Валюта 12 ай 18 ай 24 ай 36 ай
KGS 12,0% 12,5% 13,0% 13,5%

 Сом менен натыйжалуу пайыздык чен 14,3% чейин.

* Талап кылуу боюнча аманат чени– 0%

** Таблицада белгиленген пайыздык чендер жылдык.

 

ЭСКЕРТҮҮ: жеке тарифтерди өзгөртүү жана белгилөө укугу Банкта калат.

«Керемет Банк» ААКда банк эсептерин ачуу жана жүргүзүү эрежелери

close