Золотая Корона

Золотая Корона

Золотая Корона

Золотая Корона (Алтын таажы) акчаны дарегин көрсөтүүсүз, эсеп ачпастан дароо которуу кызматы – бул Россияда, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жайгашкан 50 миң тейлөө пункту.

 

Шарттары:

  • Которуу валютасы: РФ рублу (RUB), АКШ доллары (USD);
  • Которуу үчүн комиссия*: 

            - Россияга,  КМШ өлкөлөрүнө жана Грузияга – 0,95%дан жогору;

            - алыскы чет өлкөлөргө – 1%дан жогору;

  • Которуунун эң жогорку суммасын – 300 000 руб/ 5 000$;
  • Которуу тездиги – бир нече мүнөт;
  • Мындан ары которулган акчаларды банкка келип отурбастан, Алуучунун картасына дароо алуу үчүн өз каалоо менен банктын бөлүмдөрүнөн Алуучунун "Золотая корона" картасын алууга болот; 
  • «Золотая Корона – Акча которуулары» сервиси жөнүндө кошумча маалымат –сайтта же күнү-түнү колдоо кызматынын телефону боюнча +7 (495) 96-00-555 (чалуулар сиздин байланыш операторуңуздун эрежелерине ылайык тарифтелишет).
  • Акча которуунун абалын «Золотая Корона – Акча которуулары» сервисинин сайтында же «Акча которуулары» акысыз уюлдук тиркемесинде (6+, AppStore жана Google Playде сууруп алуу үчүн жеткиликтүү) онлайн шарттамында күнү-түнү текшерүүгө болот.

* тутумда орнотулган бирдиктүү тариф жок, которуу үчүн комиссия жөнөтүлгөн суммага, ал жөнөтүлгөн өлкөгө, о.э. акча жөнөтүлүп жатканда күчкө ээ атайын тарифтик сунуштарга ээ акцияларга жараша болот, андыктан которуу акысын ар бир акча жөнөтүп жатканда банктын бөлүмдөрүнөн билүү зарыл

Валютаны конвертациялоо менен акча которуулар үчүн атайын тариф 0 %:

Акча которууну тариздөө учурунда жөнөтүү валютасынан айырмалуу алуу валютасын тандап алгыла (АКШ доллары же улуттук валюталардын бирин**). Бул учурда «Платежный Центр» БЭНУ (ЖЧК)нын курсу боюнча валютаны конвертациялоодо акча которуу үчүн комиссия 0%ды түзөт.**

**Жеткиликтүү валюталар жөнүндө маалыматты акча которууну тариздөөдө банктын операторунан тактоо зарыл.

***Тариф 2015-жылдын 10-июнунан бери акча которуусун «Платежный Центр» БЭНУ (ЖЧК)нын жөнөтүү учуруна карата курсу боюнча АКШ долларына, улуттук валютага конвертациялоо шартында иштеп келет.

Акча которуусун жөнөтүү үчүн зарыл:

  • Сайттан «Золотая Коронанын» каалаган тейлөө пунктун тандоо.
  • Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү.
  • Алуучунун ФАА, акча которуусун алуу өлкөсүн жана калктуу конушун билдирүү.
  • Уюлдук телефондорунун номерлерин билдирүү (өзүнүкүн жана алуучунукун).
  • Акча которуусун жөнөтүүгө арызга кол коюу.
  • Банктын кассасына акча төгүү.

Акча которуусун алуу үчүн зарыл:

  • Сайттан  «Золотая Коронанын» каалаган акча которууларын берүү пунктун тандоо.
  • Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү.
  • Акча которуунун текшерүүчү номерин атоо.
  • Акча которууну алуу ыңгайлуураак болуучу валютаны билдирүү.
  • Акча которуусун алууга арызга кол коюу.
  • Банктын кассасынан накталай акчаны алуу.

Акча которуунун статусу жөнүндө СМС-билдирүү

Акча жөнөтүлгөндөн кийин алуучуга которуунун текшерүү номери жазылган СМС-билдирүү келет****. Алуучуга ага акча жөнөтүлгөнү жана акча бериле турган номерди эстеп же жазып алуунун зарылчылыгы жоктугу жөнүндө кабарланат.

Акча берилгенден кийин которуу тийиштүү адамга жеткендиги жөнүндө жөнөтүүчүгө СМС-билдирүү келет.

****СМС-билдирүү 7 000 руб., 100$ жогору которуулар үчүн жиберилет

Эскертүү!

1. Армениянын ББ токтомунун негизинде 2012-жылдын 8-октябрынан тартып Армениянын бардык аймагында «Золотая Корона» төлөм тутумунун иши токтотулган.

2. Золотая Корона төлөм тутумунун колдонуудагы Эрежелерине ылайык, Крым Республикасынын жана Севастополь шаарынын аймагында кызмат көрсөтүү каралган эмес. 

close