Ria Money Transfer, Euronet Worldwide бизнес-сегменти, Inc. (NASDAQ: EEFT) ыкчам, коопсуз жана глобалдуу акча которуулар менен бирге инновациялык-каржылык кызматтарын көрсөтүүчү финтех-компания болуп саналат. Эсептик көрсөткүчүндөгү накталай акча каражаттарынын өлчөмү боюнча экинчи орунду ээлеп, тикелей банктык депозиттер боюнча дүйнө жүзүндөгү эң ири тармак болгондуктан Ria акча каражаттарын зарыл болгон жакка жумшайт.
Өзүндөгү алдыңкы технологиялардын жана ири дистрибьютордук тармактын аркасында Ria географиялык тоскоолдуктарды жеңип өтүп, дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык өлкөлөргө финансылык кызматтарды көрсөтөт.
Бүгүн компания 200 өлкөдө иш алып барат жана тиркеме, веб-сайт же бүтүндөй дүйнө жүзүндө жайгашкан 580 000ден ашык тейлөө түйүндөрдү аркылуу кардарларга көп каналдуу кызмат сунуштайт.
Компания тикелей депозиттер боюнча дүйнө жүзүндөгү эң ири банк тармагына ээ жана анда 4 млрд. ашык банктык эсеп, мобилдүү капчыктарга ээ 500+млн. колдонуучулар бар, өз кезегинде алар ыкчам төлөмдөр менен эсептерди жүзөгө ашырышат. Банктык депозиттик операциялардын 90% Ria төлөм жүргүзүү системасы реалдуу убакыт режиминде ишке ашат.
Компаниянын максаты – мигранттардын башка өлкөлөрдө жашап жатышкан үй-бүлөлөрүнө жана жоро-жолдошторуна жардам көрсөтүү аракеттерин жеңилдетүү, алар кайда барбасын өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле акча которуулар аркылуу өз өлкөсү менен болгон байланыштарын бекемдөө болуп саналат.
Ria глобалдык инфраструктура бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү экономикалык өсүшкө эшик ачып, кардарлар менен катар эле өнөктөштөрдүн каржы мүмкүнчүлүктөрүн жеңилдетип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.
- Ria төлөм жүргүзүү системасы 1987-жылы Нью-Йоркто негизделген;
- Тармак аркылуу жана бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү 500 000 ден ашык тейлөө түйүндөрү аркылуу 180 ден ашык өлкөдө кызмат көрсөтөт (Алыскы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн Золотая Корона системасы RIA системасы менен интегралдашкан);
- Western Union жана Moneygram системаларынан кийинки үчүнчү Төлөм системасы;
- Төмөнкү аймактарды кучагына алат: 50,3% - Африка жана Океания; 23,7% - Европа; 12,2% - Латын Америка Өлкөлөрү; 8,3% - Азия, 5,6% - Түндүк Америка;
- Кардар үчүн комиссия 09%дан 2.2%га чейин.